• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

23-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

22 Баш оона 2018 18:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.08.2018.Govori.TV.
23-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23 градус болот.
23-августта Бишкек жамгыр жаабайт. Абанын табы түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус ысык болот.
Количество просмотров: 17