Кышкы кабыл алуунун алкагында Бүткүл республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча сынактык тандоо төрт тур менен өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кабыл алуу төмөнкү даталарда өтөт:
Аталган башкармалык ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу контракттык орундарга гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөрүн эскертет.
Жогорку окуу жайлардын тизмеси жана багыттары, ошондой эле порталда өзүңүздүн жеке кабинетиңизди каттоо жана ачуу боюнча нускамалар министрликтин https://2020.edu.gov.kg/ расмий сайтында жайгаштырылган.
Жазгы ЖРТнын (2024-ж.) жыйынтыгы сынакка катышуу үчүн жарактуу.
Жогорку кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кыргызстандыктарды жана чет элдик жарандарды жылына эки жолу ЖОЖго кабыл алуу механизми иштелип чыккан.