Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан сабакка катышпаган же академиялык карызы бар 13 295 студент чыгарылганын билдирди.
Мыйзамсыз иштерге жол бергендерди аныктоо, алардын жоопкерчилигин кароо уланып жатканын маалымдады.
«Ош мамлекеттик университетинен 3573, Ош техникалык университетинен 2754, Ош кыргыз-өзбек университетинен 3167, Ош педагогикалык университетинен 3629, Кыргыз улуттук университетинин филиалынан 172 студент чыгарылды. Учурда бул жогорку окуу жайлардын кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга катыштыгы иликтенип жатат. Алардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат»,-деп жазылган маалыматта.