• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

24-январь. Күндүн ыргагы… Жолго төшөлбөй калган миллиондор, аты айыңдуу Абдыкаров…

24 Үчтүн айы 2018 19:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01. 2018. Govori.TV

Суук чыкылдайт, тиш шакылдайт

Коңшу Казакстанды каптаган катуу сууктун учкуну Кыргызстанга да келе баштады. Алдыда абдан катуу суук аба ырайы өкүм сүрүп, бир жума бою өлкөнү, ызгаарга ороп тураару тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып, кыргызгидромет, транспорт, өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыша жарандарга сууктан сактанууга чакырып жатышат. Маалыматтар боюнча, сууктун күчү Суусамыр, Атбашы сыяктуу тоолуу райондордо 40 градустан төмөн болушу, Бишкек, Чүй, Көл өрөөндөрүндө 25-30 градуска чейин төмөндөп кетиши ыктымал экен. Андыктан жарандар катуу суукта алыс жолго чыгуудан абайлап, жол коопсуздугун сактап, үйлөрдү көмүр менен жылытып, кыштан чыгууга ар тараптан чакырыктар жасалууда. Көчөдө болсо көмүрдү мүшөктөп алып жаткандарды байма-бай кезиктирүүгө болот. Ал эми отун-суу камдоого шайы жокторчу? Алар Кудайдан электр жарыгын өчпөөсүн тиленип отурушса керек… Свет өчпөгөй эле…

Бабановдун ордун басты

Жогорку Кеңешке эски чиновник жапжаңы депутат болуп келе жатат. Тагыраагы, “Республика-Атажурт” партиясынын лидери, ЖКнын депутаты Өмүрбек Бабановдун мандаты Абдыбек Дүйшалиев атуу мырзага буюруптур, БШК бүгүн ушундай буйрук чыгарды.  Ал партияда 73 тизмеде турган экен, тынымсыз жылышуулар ага мандатты тартуу кылды. Ал ким? Ал мурдатан бери ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген,  такшалган кадр. Акыркы жылдары Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортторду каттоо департаментинин директору болуп иштеген. Албетте, бул жер буга чейин абдан майлуу-сүттүү кызмат эле. Азыр болсо эсеп-чоттор, айдоочулук күбөлүктү алуу, унаа ээлерин каттоо акырындап онлайн түргө өткөнү, бир топ алгы-берги мамилелерге чекит коюла баштаганы белгилүү.

Айың ээрчиген Абдыкаров

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Орусиядан уурдалган кымбат баалуу машинелердин Кыргызстандан табылышына «министрдин орун басары Данияр Абдыкаров жана анын кол алдындагылардын катышы бар» деген маалыматты четке какты. Мекеме тараткан билдирүүдө «бул маалымат коомчулуктун алдында ички иштер органдарынын кадыр-баркын түшүрүү максатында даярдалган» деп айтылат.

Кызыгы, бүгүн маалымат сайттарынын биринде Арсланбек Тойдиев аттуу жарандын коомчулукка жардам сураган кайрылуусу чыгып, чоң талкууну жаратты. Анда ал ИИМ министринин орун басары Данияр Абдыкаровду эл аралык уурулар менен, тактап айтканда, бир мамлекеттен экинчи мамлекетке кымбат баалуу, өзгөчө маркадагы унааларды уурдап саткандар менен байланышы бардыгын, ушул маалыматтарды билген үчүн министрдин орун басары анын өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыгын айтып чыккан.  өзү байланышка чыгып арыз жазганы, анын атынан белгисиз бирөөлөр интернетте жалган маалымат таратканын жана макалага тиешеси жоктугун айтканы белгиленген. «ИИМдин кылмышка аралашкан аткаминерлердин саны экөө эле деген маалыматы чындыкка дал келбейт, эгерде парламенттин, өкмөттүн жана министрликтин машинелерин текшерсе көп мыйзам бузуулар ачыкка чыгат” деген ал өз кайрылуусунда.

Ооба, бул орун басар министр дайыма айың кептерге аралашып келе жатат. Ал жаңы дайындалып жатканда эле коомчулук “бул жигит 2010-жылы Таластагы апрель ыңкылабында элдерди сабатып, оттун тутандыргандын бири болчу, моралдык жоопкерчиликти  унутуп кантип уялбай орун басар министр болуп келетат? Апрель окуясынын баатырлары  ушулар үчүн өлдү беле?!” деген суроолор жаралган болчу.  Жакында эле болсо Бишкектеги райондук милициялардын кайсы бир бөлүмү иш таштап, анда да “Министрдин орун басары бизден “отметка алып кууратты” деген айыпты коюп чыгышкан.

Бирок,  түштөн кийин ИИМдин маалымат кызматы аталган кайрылуунун жалган экенин, аны жазды деген Арсланбек Тойдиев өзү жазбаганын, анын атынан бирөөлөр жазганын мойнуна алып жатканын, бул министрликтин кадыр-баркына сокку уруу максатында жазылганын айтып, каттын артында кимдер тураары иликтенээрин билдирди.  Чындыгында эле жакында Орусиядан уурдалган 19 унаа Кыргызстандан табылып, ага катышы барлар иликтенип жатканы да айтылган болчу.

Суукка карабай митинг уланды

 

Бүгүн Жогорку Кеңештин алдына Аламүдүн жана Сокулук райондоруна караштуу жаңы конуштун элдери кайрадан митингге чыгышты. Алар жерлерди трансформациялоо боюнча Өкмөттүн айрым жаңы конуштарды кайрадан мамлекетке алуу тууралуу кадамдарына каршы экендиктерин билдиришти. “Биз эптеп тапкан акчабызга ал жерлерди жеке инсандардан сатып алып үй курсак, бала-бакыралуу болуп отурукташып калсак, суу, электр, жол маселелерин да ашар жолу менен таап өзүбүз куруп келатсак, эми кантип көчөдө үй-жайсыз калабыз. Өкмөт бул мыйзам долбоорун кайра карап чыксын, Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо алдындагы убадаларына турсун”, дешет көпчүлүк эл бирооздон.

Жолго төшөлбөй кулкунга кеткен миллиондор

Кыргызстандын Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлиги 2016-жылы 235 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузууга жол бергенин аныктап чыккан. Бул мекемеге каржылык текшерүү салган аудитор Ишенбек Медетов каржылык мыйзам бузуулар көбүнчө жолдорду оңдоодо кызмат акынын жана коротулган материалдардын баасын  жогорулатып жазуу боюнча болгонун айтат. ”Курулуш-кураштыруу иштеринин көлөмүн ашыруу боюнча 225,6 миллион сомду, товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги же болбосо кем чыгышы 7,7 миллион сомду, ошондой эле эмгек акыны негизсиз төлөө 1,9 миллион сомду түзгөн. Мындан эң негизги каржылык мыйзам бузуу фактылары Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун, Бишкек шаарындагы «Манас» аэропортуна кетчү жолду оңдоо долбоорлоруна байланыштуу болгон. Мисалы, Балыкчы-Корумду жолунда долбоор боюнча сульфатка туруктуу цемент колдонулушу керек болчу. Иш жүзүндө Кант цемент заводунан чыккан кадимки эле цементти колдонулуп коюшкан жана айырма 118 миллион сомду түзгөн. Андан сырткары жумуш ашыкча көрсөтүлүп, анын акчасын 762 миң сомго негизсиз көбөйтүлгөн”,деп билдирген ал “Азаттык” радиосуна.

Ошону менен эми Эсеп палатасы укук  баа берүү үчүн Президент, парламент менен Башкы прокуратурага кайрылып, ишти жөнөттү. Бирок, аталган мекеме да бул каржылык мыйзам бузуулар туура эмес эсеп жүргүзүүдөн келип чыкканын айтып, жооп берүүдө. Канткен менен, каржылык чыгым оңой-олтоң сумманы түзгөн жок. Жаңылыш кеткен күндө да жол куруучулар менен министрлик бир кыйла акчаны “ап” деп койгон шекилдүү. Ушу жол салуудан солго соломойду токтотушса болот эле, сапатсыз жолдордун айынан канча жаран авто кырсыктан көз жумууда. Мамлекеттин алсыраган бюджетичи?

Дагестандык спортчуну  Манас келгендей тостук

Орусиялык спортчу, Дагестандан чыккан улуту авер Хабиб Нурмагомедовду Кыргызстанда кудум Манас атабыз тирилип келгендей эле тосуп алдык. Аны аба майдандан эле тосуп алууга өлкөдөгү эң кымбат унаалар жалданып, спортсмендердин жоон тобу, парламент депутаттары парадка тизилгендей тикесинен тик турду. Ал эми бүгүнкү аны менен болгон “Аю Гранд” соода борборундагы элди көрсөңүз, таң каласыз. ММА боюнча дүйнө чемпиону болгон, мушкерди жакындан көрбөсө бир өмүрү арман менен коштолчудай болгон элди милиция,  күзөт кызматынын бука моюн, буура сан жигиттери араң эле тосуп турушту.  “ММА олипиадалык эмес спорттун түрү болгону менен ал олимпиада оюндарындай эле популярдуулуукка ээ. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде колдоо керек”,-деп айтты ал.

Албетте, спорт менен музыка жүйнө элдеринин достугу менен ынтымагын чыңдайт эмеспи. Ошентсе да, кээде биздин колдо бар спортчулар бааланбай, минтип чет элдик спортчуну ур барабан, тарт сурнай кылып даңтоого айрым мекендештерибиз нааразы…
Эсти эки кылган электрондук  капчык

Дүйнө алдыга электрондошуу жолу менен баратат. Биздин Өкмөт да электрондук өкмөт түзүүгө шымалана киришип, ал эми “Таза Коом” программасы болсо так ушул дүйнөлүк процесске негизделген, кагаз доорду артка калтырып, жарандар  ар кайсы мамкызматтын эшигин жыртпай, керектүү алык-салык, документтерди өз телефонунан эле сурап ала тургандай болот дешкен болчу. Ал аңгыча, Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Электрондук капчык колдонуу мыйзамдардан сырт болуп калат экен. Каржылык рыноктун оюндарынын мыйзамдуу эрежелерине жатпай калат экен”,-деп айтып чыгып, айрыкча, байланыш операторлордун бул капчыкты колдонуусуна тыюу салынаарын айтты.

Ошентип, убагында мамлекеттик олуттуу маселе Өкмөттүк деңгээлде каралып жатканда “Ысыккөлдүн туристерди кызыктыра турган бренди-апийим болуш керек. Баңги чөптөрүн колдонууну мыйзамдаштырсак, туристтердин алдында калабыз” таризинде сунуш айткан жигиттин электрондук капчык боюнча айтканы тамаша же чын экени белгисиз болуп туру. Анткени, азыр эл электрондук капчыкка көчүп, комуналдык төлөмдөрдү да ошол аркылуу жүргүзүп, жыргап эле калган болчу…

 

 

Количество просмотров: 14