24-мартта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;
Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10.
Бишкекте түнкүсүн 7…9°, күндүз 15…17° жылуу болот.