Эртең, 24-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 2…7;
Бишкекте түнкүсүн -1…+1, күндүз 15…17 градус жылуу болот.