• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

25-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

24 Баш оона 2018 18:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.08.2018.Govori. TV.
Эртең, 25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Бакен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30,
Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31,
Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус болот.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30 градус болот.
Количество просмотров: 20