• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

25-декабрь. Күндүн ыргагы….Боордоштор боорго тепкенин токтотот, Журналист-фашист. Ак калпак кийген ит

25 Бештин айы 2017 18:33 Бишкек Govori.TV

Чек ара маселеси кыргыз элин бир топ эле жүдөтүп койду. Ишкерлер менен дыйкандар тарткан чыгым миллиондорду чапчып, өкмөткө дагы бир топ көйгөй жаратты. Баарына себеп саясат, шайлоо жана ачуу сөздөр болгондугун ар бир жаран астыртан түшүнүп турабыз.

Кыргызстанга жаш президент керек деп айткан Нурсултан Назарбаев, жаш-муунуна карабай эле  Сооронбай Жээнбековду Астанага расмий иш сапар менен келүүгө чакырган. Сунган колду суутпай Сооронбай Жээнбеков, министр, депутаттардан турган делегация менен Казакстандын борборуна учуп барды

 

 Расмий иш сапардын жүрүшүндө тар чөйрөдөгү жана кеңейтилген форматтагы жолугушуу болот. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле, ЕАЭБнин алкагындагы маселелер талкууга алынат. Аягында бир нече документке кол коюлуп, өлкө башчылары биргелешкен билдирүү таратышат. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Казактсандын премьер-министири Бакытжан Сагинтаев менен жолугат,- деп жазылат Президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү тараткан маалыматта.

Казакстандын президенти менен Кыргызстандын президенттинин Астанадагы Ак-Ордо сарайында  болгон жолугушуусу тууралуу алгачкы маалыматтар интернет булактарына чыга баштады. Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, эки элдин ынтымагы тууралуу кеп салганы белгилүү болду.

“Мен Кыргызстандын, кыргыз элинин дарегине  бир дагы жолу жаман сөз айткан эмесмин. Биз келебиз-кетебиз, эки боордош эл ушул учурга чейин болуп келген, мындан кийин дагы боло берет. Биз сизди күтүп жатканбыз жана кубаныч менен тосуп жатабыз. Казак тарап Кыргыз делегациясы көтөргөн маселелердин баардыгын чечүүгө даяр-деди Нурсултан Назарбаев.

Эми иш-сапардын жыйынтыгы жакшы болуп, боордоштор мындан ары боорго тепкенин токтотсо эле болду.

 

Киши өлтүргүч аялдар

Баягы күйөөсүн мууздап, мүчө-мүчө кылып, таштанды челектерге таштап чыккан Айдай Субанова 16-жыл түрмөдө отурмак болду. Октябрь райондук сотунун бул өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Айдай Субанова Степной айылында жайгашкан №2 аялдардын колониясына которулуп, жазасын өтөй баштады.

Ал эми Каракол медициналык коледжинин директору Анарбүбү Апсалиеваны өлтүрдү деген Раушан Муканбетова башка берене менен соттолуп, далилдин жоктугунан “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча жоопкерчиликтен бошотулуптур.Раушан Муканбетова 6 жылга эркинен ажырап, кичинекей баласы 14 жашка чыкканга чейин жаза өтөө артка жылдырылат экен.

Соттун мындай өкүмүнө маркумдун жакындары нааразы болуп, соттун имаратынын алдына митингке чыгышты. Алар Анарбүбү Апсалиеваны өлтүргөн адамга катуу жаза берилишин талап кылышууда. Албетте алардын деле күйгөнү эп. Карабашыл адамды өлтүргөну чын болсо, анын бошоп кетип жатышы жакындарынын ичин күйгүзбөй коймок беле.

 

Ичтен чыккан ийри жылан

Коргоо министрлиги аты айтып тургандай бизди душмандардан коргош керек. Биз аларга ишенип отурсак, акыркы мезгилдерде  бул мекемеге келген министрлердин баардыгы эле ууру-кески болуп чыгып  жатат. Анан булар бизди коргойбу же көбүрөок акчага көзү күйгөн немелер, душманга бизди кошуп сатып жибереби деген ойго келесиң. Аргасыз.

Бугүн мурдагы коргоо министри  Таалайбек Өмуралиевге карата сот өкүм чыгарып, акчалай айып салып, генерал-майор аскер чининен ажыратыптыр.

Таалайбек Өмүралиев аскер кызматкерлерине бөлүнгөн батирлерди бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып жатат. Бул иш боюнча он аскер кызматкери өтүүдө. Арасында  азыр Башкы штабдын башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан Кубанычбек Орозматов да бар экен.

 

Нацист болуп алган журналист

Бул жагынан соттор генералдардын формасын чечип атса, Коомдук телеканалдын алып баруучусу Канат Абазбеков фашисттин формасын кийип алыптыр. Анын социалдык туйүнгө чыккан  сүрөтү  чуу жаратты.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков бул сүрөт тууралуу түшүндүрмө берди.

Көрсө “Ала Тоо” редакциясы кечээ Жаңы-Жылдык отуруш өткөрүшүптүр. Майрамдык иш-чарада ар түрдүу сахналашкан көрсөтмөлөр болуп, Канат Авазбеков фашисттин образын жараткан экен.

Ошентип оюндан от чыгат дегендей эле болуптур.

Ак калпак кийген ит

Жаңы-Жылдык майрамда эмнелер гана болбойт. Канат Абазбековдон дагы катуу талкууга алынган калпак кийген ит болду. Эмнеге ит калпак кийип алганын Dog’s fashion show иш чарасынын уюштуруучулары түшүндүргөнгө аракет кылышты.

Бул ит жылына арналган мода көргөзмөсү экен. Шартка ылайык иш чарага катышкан ар бир кожоюн итин кийиндирет. Катышуучулардын бири итине кыргыздын улуттук кийимин, башына калпак кийгизип койгон.

Ак калпак кийген иттин сүрөтү интернетке чыгаары менен коомчулукта нааразы пикирлер жаралды. 5-мартты Ак калпак күнү деп жарыялоо идеясынын автору Рысбек Жабиров иш чаранын уюштуруучуларын жана иттин кожоюнуна мыйзамдуу чара көрүүнү суранып, Башкы прокурор Индира Жолдубаевага арыз жазды.

Ошентип 25-декабрь дагы өттү. Өлбөгөн жанга жаз да келээр.

Количество просмотров: 44