• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

25-май күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

23 Бугу 201917:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.

Акыркы коңгуроо салтанаты учурунда, милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 25-май күнү эреже бузуулар кодексинин 124-беренесинин («Автоээнбаштык») негизинде бүтүрүүчүлөр машина айдап, унаалардан башын чыгарып, мыйзам бузууларга бара турган болсо,чара көрүлөөрү айтылган.

Эскерте кетсек, өспүрүмдөргө жай мезгилинде саат 23:00дөн 06:00гө чейин ата-энелердин коштоосу жок жүрүүсүнө тыюу салынат.


Количество просмотров: 15