Бишкек шаарынын мэриясы 25-майдан баштап ишин жанданта турган ишмердүүлүктөрдүн катарына спорт залдарды, машыгуу залдарын, фитнес-клубдарды жана бассейндерди кошту.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо милдеттүү шарт болуп саналат.
«Бул имаратты дезинфекциялоо, администрациянын жана тейлөө персаналы үчүн беткап-кол кап тагынуу тартиби, ар бир кардар үчүн санитайзерлерди жана антисептиктерди орнотуу, ошондой эле санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде жана шаймандардын ортосунда сызык белгилерин көрсөтүү»,-деп айтылат маалыматта.
Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча спорттук борборлорго иштөөгө тыюу салынган (футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол ж.б.). Санитардык аралыкты сактоо менен байланышсыз индивидуалдык спорттун түрлөрүнө гана уруксат берилет.