• Бейшемби 9 Теке 2026
  • Четверг 9 Июль 2026

Бишкекте №13 автобус түнкүсүн да каттайт

9 Теке 202614:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясында «Бишкекавтобекет» муниципалдык ишканасынан каттаган №13 автобустун түнкү каттамын уюштуруу маселеси каралды.

Мэриянын маалыматына ылайык, жайкы туристтик мезгилге байланыштуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору автобекеттен шаарга түнкү убакта жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул демилгени Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев колдоду.

Количество просмотров: 25