• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

25-мартта күтүлгөн аба ырайы

24 Жалган куран 202214:21 Бишкек Govori.TV

25-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…13 градус болот.

Количество просмотров: 108