• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

25 медкызматкерден коронавирус табылды

4 Баш оона 202011:37 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкөдө 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды . Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 2, Ош шаарында 8, Ош облусунда 3, Жалал-Абадда 4, Ысык-Көлдө 5 жана Чүй облусунда 3 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ошол эле учурда бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылган.

Белгилей кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 854 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 894 медкызматкер айыкты.

Количество просмотров: 89