• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

25-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

24 Аяк оона 202517:08 Бишкек Govori.TV

25-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;

Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;

Баткенде түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23.

Бишкек шаарында түнкүсүн 7…9°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Количество просмотров: 156