• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

25-январь. Күндүн ыргагы… Шадиевдин каары… Жолдошбаевдин “жоругу”… Ичсең-жөө жүр!

25 Үчтүн айы 2018 20:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2018. Govori.TV

Ичип рулга отурсаң беш жылга кесилесиң

Бүгүн, Президент Сооронбай Жээнбеков “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам ишке кирген күндөн тартып, жол кыймылын бузган айдоочуларга болгон жоопкерчилик чаралары күчөтүлмөкчү.

Айталы, Кылмыш-жаза кодексинин 281( «Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу»), 284 («Мас абалындагы адамга же транспорт каражатын башкарууга укугу жок кишиге аны башкарууга жол берүү») жана 285 («Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу») беренелерине өзгөртүү киргизилди. Эми айдоочулар эреже бузуп, жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирилсе, ал үч жылга чейинки мөөнөткө автоунаа башкаруу укугунан ажыратылат же үч эсе айыпка жыгылат, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. А балким айдоочунун айынан адам каза тапса же ден-соолугуна оор зыян келсе, айдоочу үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылып, беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө кесилет.  Айдоочу кырсык болгон жерден кетип калып, анын натыйжасында жабырлануучунун саламаттыгына оор залал келтирилсе же каза тапса, ал үч жылдык мөөнөткө күбөлүктөн айрылып, жети жылга түрмөгө түшөт.

Эң эле каатал чара катары ччкилик ичип алган, баңгизат колдонгон же мас кишиге колдонулат. Ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок адамга ал транспорт каражаты үчүн жооптуу адам машинесин башкартып коюп, анын айынан жабыркаган адам өлүп калса же ден соолугуна зыян келсе, ошондой эле бир нече киши курман болсо — үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч эсе айып салуу, же болбосо белгилүү бир кызматты ээлөөгө же белгилүү бир ишти кылууга тыюу салуу менен беш жылга эркинен ажыратуу каралган..

Шадиевдин шапалагы кимге тийди?

Кечээ, электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатуу керектигин парламентте билдирген биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев бүгүн өкмөт үйүндө энерго-тармактын ахыбалы боюнча кеңешме өткөрдү.

Анда ал “Кожо көрсүн” кылып койгусу келдиби же чындап эле билгени барбы энергокомпаниялардын жетекчилерин жоготууларды азайтпаганы үчүн кызматтан айдаарын айтып, катуу каарын төктү.  “Алдыга коюлган план боюнча, электр энергиясындагы жоготуулар 12, 5 пайыздан төмөн болушу керек болсо, азыр анын деңгээли 13,1 пайызды көрсөтүп турат. Качан иш кыласыңар? Суу ачык бойдон калды. Ал турсун “акылдуу” эсептегичтер дагы жоготууларды азайтууга жарам берген жок. баардык жетекчилерди кызматынан алыш керек”,-деп күпүлдөдү кайран  премьер-министр.

Кантсе да жетекчи эмеспи, залда отургандардын бири да каш кайтара алган жок. Болбосо, 2011-жылдары дал ушул Аскарбек Шадиев энергетика тармагын тескеп турган маалда  электр энергиясынын жоготуулары 14 пайызды түзүп турчу. Ушуну бирөө айтса деле жарашмак. Баса, министр мырза минтип каракүчкө кол алдындагыларды куура бербей, кызматынан дароо алып, таза, жаш адистерди алып келсе эл кол чапмак. Жоготуу демекчи, мисалы, Кыргызстандагы электр энергиясын алып сатуучу жеке компаниялардын жоготуусу 4-5 пайызды түзүп турганда, “Түндүкэлектр” баштаган түбү жок коррупциялык ишканаларга толук кадрдык тазалоо гана жетпей турганы айдан ачык.

Жарыбаган жардамга курсант болуп…

Кыргызстан парламенттик башкаруудагы өлкө. Мыйзамдык алкактан алып караганда Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруу системасынцын башында турат. Ушундай деңгээли менен анан бул үлкөн институт Кытайдан арзыбаган жардам алып, ага курсант болуп жарыялап турганын көпчүлүк жактыра берген жок.

Айталы, бүгүн ММКлар Жогорку Кеңеш Кытай өкмөтүнөн отургучтарга тетик, каалгаларга кулпу, сүйрөмө арабага дөңгөлөк, электр чайнектери менен кол кургаткыч, эмерек кураштыруучу аспаптарды алганын жазып чыгышты. Парламенттин апараты болсо бул жардамдар Жогорку Кеңешти өнүктүрүүгө өз убагында берилген абдан маанилүү салым болгондугун жарыя кылган. Бир карап күлкүң, бир карап ыйдагың келет… Өлкө бара-бара майда жыртык-тешигинин бүтөгөнгө деле кытайлыктардан жардам сурай берип, биротоло тилемчи болуп кетпесек экен. Алар болсо абалдан пайдаланып, алпейим мамилесин улап жатышат…

Адаттагыдай эле Алмамбетти актагандар…

Бүгүн, Бишкек шаардык сотунда “Атамекен” партиясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун Биринчимай райондук соту чыгарган өкүмгө каршы арызы каралды. Анда адаттагыдай эле отурумга катышкан төрт күбө айыпталуучу кылмыш ишинин негизин түзүп жаткан мамлекеттик тендерге катышпаганын бир ооздон айтышты.

Алар Эсеп палатасы унаа сатып алуу боюнча тендерди мыйзамга ылайык өткөргөнүн, эч бир аудитор же инспектор киришпегенин, кызыкчылыктар кагылышы болбогонун айтышты.

Ал турсун кечээ парламентте КСДПнын депутаты Ырыскелди Момбеков да соттордун ишин тескөөчү комиссияга мүчөлөрдү тандоо маалында “Азыр сотторго элдин токсон пайызы ишенбейт. тигине, мамлекетке 10  миллион сом зыян келтиргендерди 1,5 миллион сом төлөтүп бошотуп жатасыңар да эч нерсе жебеген Алмамбет Шыкмаматовго 50 миң айып салып атасыңар? деги, бу сотторго ким ишенет? Бүгүн тоок фермага түлкүнү башчы кылып койгондой эле абал жаралып калды”,-деп чарт жарылып алганы бар.

Эл өкүлдөрүнүн өлбөгөн төрт шыйрагы калып…

Бүгүн “Азия Нюсь” гезити ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин маегин басып чыгарып, коомчулуктун талкуусун жаратты. Анда депутат кыргыз телесинин жүзү диктор Гүлжан Кулмамбетованын беделине шек келтирип, “Ал Аскар Салымбековго чейин мага келип, мен колдоп жүрчүмүн, кийин Аскарга тийип кетти…” деген темада кеп козгогон.

Ошондой эле ал кыздарын “бычакка сап” деп мактап, Жогорку Кеңеш элдин өнүгүүсүнө иштеп жатканын, жүз пайыз депутаттар парламенттин тарап кетүүсүнө каршы экендигин, бирок, экс-президент Алмазбек Атамбаевден буйрук түшсө, ойлонуп көрүшөөрүн айтып, “ал кишинин бир билгени бар” деп белгилеген. Баарынан кызыгы, ал өзү депутаттыкка койбосо “Өнүгүү-Прогресс” партиясы парламентке келмек эместигин, фракцияда кадыры Бакыт Төрөбаевдикинен жогору экендигин да айтып салган.  муну окуган депутаттардын бир тобу бүгүн кызарып, уялгандарынан башын жерге салып жүрүштү көрүнөт.

Бирок, гезиттеги маектен кийин ага Гүлжан Кулмамбетова чалса “андай сөз болгон эмес” деп танып жатканын диктор өзү социалдык баракчасына жазып чыкты. “Иттик” гезиттенби же кимден кеткени белгисиз…

Количество просмотров: 12