• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

25 жаштагы К-рор жылдызынын сөөгү өз үйүндө табылды

15 Тогуздун айы 2019 10:26 Бишкек Govori.TV

Түштүк Кореялык белгилүү актриса Чхве Чжин Ринин сөөгү өз үйүндө табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы актриса Сеулдун четиндеги үйүндө өзү жалгыз жашаган. Алдын ала божомолдор боюнча, ал өз жанын өзү кыйган болушу мүмкүн. Учурда полиция кей-поп жылдызынын өлүмүнүн себебин иликтөөдө.

Кошумчалай кетсек, Солли (өз аты-жөнү Чой Жин Ри) 1994-жылы 29-мартта төрөлгөн. Ал f(x) кыздар тобунун курамында 2009-жылы дебют жасаган. Кийин ар кандай ушак кептердин айынан аталган топтон чыгып, актрисалык карьерасын баштаган. Эң көрүнүктүүсү «Реал» деген тасмада актёр Ким Су Хён менен аткарган баш каармандын ролу болгон. Акыркы учурда «Хейтерлердин комментарийлеринин түнү» деген аталыштагы берүүдө алпаруучу болуп иштеп жаткан.

Количество просмотров: 1026