• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жайлоого кетип дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды

4 Бештин айы 202415:21 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кетип, дайынсыз болгон 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Буга чейин маалым болгондой, жайлоодо сарайда турган досуна кеткен бойдон өзү дайынсыз болуп, аты кайтып келгени тууралуу маалымат 1-декабрь күнү 102 кызматына түшкөн. Ал эми ӨКМге ИИМ тарабынан 2-декабрда билдирилип, ошол убакыттан бери издөө улантылып келген.

Бүгүн 4 куткаруучу, 50 ИИМ кызматкери жана 40 жергиликтүү тургун, жалпы 94 адам тартылып, саат 13:30да изделип жаткан жарандын денеси Чоң-Кемин суусунан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 1383