Бишкекте тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Алдын ала маалымат боюнча Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Өрттү өчүрүүгө саат 15:37де Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде иштеп жатышат. Болжол менен үйдүн чатырынын 200 чарчы метри күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Тилсиз жоону өчүрүү иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.
Буга чейин мурдагы депутат Ыргал Кадыралиева үйү өрттөнүп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазган.