• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

26-майда абанын температурасы +36 градуска жетет

25 Бугу 2020 16:11 Бишкек Govori.TV

26-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарында жана калган облустарда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 26…31;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус болот.

Количество просмотров: 81