• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

26-майда күтүлгөн аба ырайы

25 Бугу 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 26-майда түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +32…+34 градус болот.

Количество просмотров: 108