• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

27-апрелде күтүлгөн аба ырайы

26 Чын куран 2022 14:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.

Түнкүсүн Ош, Баткен, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт.Тоолуу аймактарга кар түшөт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан жаайт. Шамалдын багыты батыштан 4-9 м/с-га жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2…7, күндүз +12…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…7, күндүз +11…+16.

Бишкек шаарында 27-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаайт.

Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +18…+20.

Количество просмотров: 208