• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

27-декабрь. Күндүн ыргагы… Сентябрь телеканалы биротоло жабылды, “Сүйүнчү” мыйзамына сүйүнгөндөр аз. Эри деле, мэри деле ууру

27 Бештин айы 2017 18:05 Бишкек Govori.TV

Жаңы-Жылды кары жок тосот экенбиз деп атсак эле, таңга жуук бапылдап  бапылдап кар жаап берди. Көчөлөр тайгак болуп, бир нече чакырымдан унаалардын тыгыны,  электр зымдары үзүлүп, бир нече аймак жарыксыз калды. Бишкек шаардык мэриясынын кандай иштегендигин  бир күндүк кар эле  көргөзүп коёру мурдатан эле белгилүу болуп бүтпөдү беле.

 

“Сентябрь” телеканалы биротоло жабылды

Аз убакыттын ичинде телекөрүүчүлөрдүн ишенимине ээ болуп, жүрөгүнөн түнөк тапкан “Сентябрь” телеканалынын обого чыкпай калгандыгына эртең 4 ай болот. Бирок ага карбастан “Фейсбук” социалдык түйүнүнүн колдонуучуларынын добушу менен “Сентябрь” телеканалы “Жылдын мыкты маалымат булагы” деп табылса, кечээ сөз эркиндигин коргоо комитети “Жылдын телеканалы” деген наамды “Сентябрга” ыйгарды. Бул сыйлыктарды берип жатканда бир дагы атаандаш чыгып, бул канал татыктуу эмес деп айткан жок.

 

Бүгүн Жогорку сот “Сентябрь” телеканалын жабуу боюнча, Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн карады.

Процесстин жүрүшүндө  жактоочу  “Сентябрь” телеканалын эмнеге жаппаш керектиги тууралуу 9 негиз келтирди. Прокурор болсо, алрдын экөөнө араң жооп берди.

Соттун чыгара турган өкүмү күн мурунтан эле белгилүү болчу. Бирок, соттук коллегия он мүнөттүн ичинде эле чечим чыгарып салат деп эч ким ойлогон эмес.

Ошентип эң жогорку инстанция “Сентябрь” телеканалын жабуу боюнча акыркы чечим чыгарды. Эми ал чечимди арызданууга да болбойт экен.

 

Эри деле, мэри деле ууру

Бүгүн  мурдагы вице-мер Эрнис Зарлыковго кылмыш ишинин катышуучусу экендиги белгилүү болду. Ал мурда шаардын каржы башкармалыгын жетектеп турганда, жаңы конуштардын бирине мектеп салынган. Ошол мектептин курулуп жатканда кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзгөн экен.  Анан ойлоносуң да. Эри деле, мэри деле паракор болсо биз качан оңолмок элек.

 

Сүйүнтпөгөн   “Сүйүнчү” мыйзамы

Балалуу болгон үй-бүлөгө мамлекет тарабынан 4000 сом сүйүнчү берилет, андан сырткары ар бир балага ай сайын 700 сомдон жөлөк пул төлөнөт деген кабар албетте көпчүлүктү кубандырган. Мыйзам кабыл алынып жатканда катуу реклама болуп, бул мыйзамга каршы чыккандарды эл душманына теңеп жибергендер болуптур. Мыйзам 1-январдан баштап иштеп баштамак. Бирок, бюджетте жетиштүү каражат жок экен. Эми болсо мыйзамды сен сунуштагансың,  сен кабыл алгансың деп парламент менен өкмөт бири-бирине түртө салып жатат. Айрымдар бул жөн гана президенттик шайлоонун астындагы пиар болгондугун айтышты.

Өкмөт өз күнөөсүн моюнга алып, мыйзамдын иштешин үч ай артка жылдырып турууну суранып келиптир. Депутаттар унчукпай эле алардын айтканын кылып берип койбой күнөөлүлөрдү издей баштады. Ошондо бул мызйзамды кол чаап, коштогон  айрым депутаттар эми Социалдык өнүктүрүу министри Таалайгүл Исакунованы кызматтан кетириш керек деп чыгышты.

Мыйзамды кабыл алган Жогорку Кеңештин депутаты, анын азабын тарткан министр болуп калаарын айткан Дастан Бекшов, анда парламент дагы кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.

Кесиптешинин мындай пикирин колдогон Акылбек Жапаров, министрди кызматтан алуу маселеси каралбаш керек.

“Үч ай мөөнөт берели, эгер үч айдын ичинде эч кандай жыйынтык чыкпаса кызматтан кетирүү маселесин көтөрөлү”деди,- Акылбек Жапаров.

 

Сирияга бара жаздаганбыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын «Известия» басылмасына берген маегинде Кыргызстандын тынчтык орнотуучуларынын Сириядагы согуштан кийинки абалды жөнгө салуу иштерине ыктымал катышуусу боюнча пикирин билдирди.

Мамлекет башчы «тынчтык орнотуучу күчтөрдү Сирияга жөнөтүү ыктымалдыгы ЖККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында каралганын, бирок андан ары талкууланбаганын» айтты.

«Кыргызстан эч кимден эч кандай чакыруу алган жок жана биздин аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокпуз. Бул маселени ишке ашыруу үчүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн бирдиктүү чечими, БУУнун Коопсуздук кеңешинин жактырган резолюциясы жана эң башкысы Кыргызстан парламентинин макулдугу талап кылынат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Быйыл октябрдын башында өкмөт башчы Сапар Исаков дагы РИА «Новости» агенттигине берген маегинде Кыргызстан Сириядагы деэскалация зоналарына аскерлерди жөнөтүү боюнча расмий сунуш албаганын билдирген.

 

Мирзёев менен Шойгу боло албаса эмне кылышсын?

Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык, парламенттик башкарууга багыт алган, жарандык коому күчтүү өлкө катары өзүн сыпаттайт. Кыргызстандын эгемендүүлүк алган жылдардан берки саясий окуялары дагы коңшу мамлекеттерге караганда жыш жана түрдүү. 2005-2010-жылкы эки революцияда эки президенттин сыртка качуусу, бир эмес эки президенттин өз ыктыяры менен кызматтан кетүүсү, курч атаандаштыкта өткөн парламенттик, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, Кыргызстандагы саясий процесстер коңшу өлкөлөрдөн бөлүп турат.

Бирок, Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн башчыларына, министрлерине суктануу карапайым калк арасында дагы, депутаттар арасында да бар.

Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абаддагы студенттер менен жолугушуусунда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти суроо узатып жатып, аны өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдей иштөөгө чакырды. Студент Миризиёев жыйналыш учурунда татыктуу жооп бербеген бир топ министрлерди ошол замат кызматтан алганын, ушундай мүнөз кыргыз башчыларында да болушу керек экендигин айтты.

Өз кезегинде Исаков коомчулук алдында жана өкмөт аппаратында катуу болбогону менен, жабык эшик артында баарына катуу талап коюп, керек болсо ошол замат иштен алып жатканын кошумчалады. Бирок бул жагдайларды коомчулукка жарыялоону туура көрбөстүгүн айтып жооп берди.

Өкмөт башчы Сапар Исаковду Өзбекстан президентиндей иштөөгө чакырган студенттен соң Жогорку Кеңеш депутаты Акылбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду Россиянын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, азыркы коргоо министри Сергей Шойгудан өрнөк алууга чакырды.

Экс-президент Роза Отунбаева мындан бир канча ай мурда кыргыз чиновниктери коңшу мамлекеттердин чиновниктери менен салыштыра келгенде өтө чала-сабат экендигин, Кыргызстанда кадр саясаты талкаланып, мышык ыйлар абалга жеткендигин айткан.

Студенттин жана депутаттын башка өлкө президенти менен министрине суктанып жатканынан соң Кыргызстанда Мирзиеевдей, Шойгудай адамдар жокпу деген суроо келет.

Кайгылуу окуя

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун бир тууган агасы Рахатбек Насырканов  58 жаш курагында инфаркттан улам, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Govori.TV маалыматтык-мультимедиялык агенттигинин жамааты Алмамбет Насыркановичке терең кайгыруу менен көнүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 17