• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

27-июнда күтүлгөн аба ырайы

26 Кулжа 2023 14:25 Бишкек Govori.TV

27-июнь түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус болот.

Количество просмотров: 121