• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

27-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

26 Аяк оона 2018 14:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын аймагында 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24,
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндуз 17…22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жамгыр жаап күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 9…11, күндүз 20…22 градус жылыйт.
Количество просмотров: 46