• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

27-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

26 Аяк оона 202417:08 Бишкек Govori.TV

27-сентябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу жана бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар аралаш жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус жылыйт.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 15…17 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 276