27-январга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, ал эми күндүз -2…-7 градус болот.
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11° градус суук болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн -3…-5, күндүз 3…5 градус суук болот.