• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

28-декабрь. Күндүн ыргагы… Салянованын инисин ким өлтүргөн?

28 Бештин айы 2017 19:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын инисин өлтүргөндөн кийин бир нече саат өтпөй эле, Ички иштер министрлиги бул кылмышта саясий максат жок деп жарыялады. Эч кандай иликтөөсүз, текшерүүсүз эле мындай бүтүм чыгарылганына ошондо баарбыз таң калганбыз.

Андан бери эки айга жакын убакыт өтүп кетти. ИИМ кылмышкерлердин изине дагы түшө албай жаткандыгын айтып жатышкан. Анан бүгүн эле негизги шектүу адам кармалганы белгилүу болду.

29 жаштагы Э.О деген жаран колго түшөөрү менен эле күнөөсүн моюндап баштаптыр. Кармалганда жанында Макаров тапанчасы 17 огу менен бар экен. Бирок тапанчанын номуру жок сүртүлгөн экен. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар айтылбайт экен.

Баардыг купуя болуп жаткандыгын карап отууруп, анан  ойго келесиң. Чын эле Улан Саляновду өлтүргөн адам кармалдыбы же бир шордууну башка-көзгө койгулап моюнуна алдырып коюштубу? Эгер андай болсо азыркы социалдык тармактын заманында бат эле баары белгилүу болот.

 

Шарапаттын кесепети

Быйылкы Жаңы-Жыл өзгөчө шаң менен  башталды. Бирөө Гитлердин кийимин кийип алат, бирөө итине калпак кийгизип коёт. Гитлердин кийимин кийип алган КТРКнын алып баруучусун УКМК текшерип жатат. Ал эми итине калпак кийгизген адамды кылмыш жоопкерчилигине тартууну бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары талап кылып чыгышты.

Шарапаттын кесепетин чоңдор гана эмес, өспүрүмдөр дагы тартып жатышканы белгилүү болду. Чүй облусунун Кегети айылында мектеп окуучуларына дискотека уюуштурулган экен. Электр энергиясы жок болгондуктан, генератор менен музыка коюлган. Андан чыккан уулу газга 110 окуучу, 4 мугалим ууланган. 6 окуучу реанимацияга түшкөн.

 

ВИЧ илдетине кабылган өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө

Кыргызстанда 2017-жылы жыныстык жол менен оору жуктурган 27 өспүрүм катталган. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу өтө көп. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Ошондой эле баягы  Ноокат, Кара-Суу райондук ооруканасынын дарыгерлеринин шалаакылыгынан улам ВИЧ илдетин жуктурган кичинекей наристелер азыр өспүрүм болуп калышты.

 

Сооронбай Жээнбеков биринчи балатыга, биринчи леди менен барды

Президент болгондон кийин көп нерсеге көнгөнгө мажбур болуш керек тура. Сооронбай Жээнбеков беш маал намаз окуйт. Жараткан Аллага жана анын пайгамбары Мухамедке ишенет. Бирок президент болгондон кийин балатыга барып,  Аяз ата менен Аяз кызга аргасыз кол чаап отурду.

Аталган майрамдык иш чарага өлкө боюнча 1100 киши чакырылган. Алардын ичинде мектепте жакшы окугандар, жатак мектептин окуучулары, Дача-СУдагы кырсыктан жабыркагандардын балдары, Памирден келгендердин балдары, Апрель баатырларынын балдары жана майып балдар катышты.

 

Атамбаевден “Ария”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн Жаңы-Жыл атту ырына клип тарттырды. Клип Toptas студиясынын,  Youtube-каналына чыкты.

Музыканын жазган жана аранжировка кылган Ekarecords стдуиясы. Клиптин режиссеру  Мирлан Саткымбаев, экинчи режиссер — Эрнист Уметалиев.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=9&v=S9eSxA_US30

Ошентип 28-декабрь дагы бүттү. Эртең амандыкта жолугалы.

Количество просмотров: 22