• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

28 февралга чейин тоо кен тармагында коррупцияга аралашкан аткаминерлерге карата кылмыш иш козголот (Буйрук)

6 Бирдин айы 20199:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.02.2019.Govori.TV.

Башкы прокуратурага президент Сооронбай Жээнбеков тапшырма берди.

«2019-жылдын 28-февралына чейинки мөөнөттө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө кылмыш жасоо фактылары боюнча козголгон бардык жазык иштерин инвентаризациялоону жүргүзүүнү уюштурсун, тергөөнүн мөөнөттөрүн негизсиз токтотуунун, кыскартуунун жана мөөнөттөрүн создуктуруунун себептерин аныктасын. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда прокурордук чара көрүү актыларын түзүү жана кылмыштык иликтөөнү жаңылоо жана көрсөтүлгөн жазык иштерин сот органдарына жөнөтүү боюнча чараларды көрүү менен тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берсин»,- деп айтылат президенттин чечиминде.

Маалыматта, алтындын запастарын камтыган кен чыккан жерлерге берилген бардык лицензиялардын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) кызматкерлеринен ведомстволор аралык жумушчу топ түзсүн.

Эскерте кетсек, GovoriTV бул тууралуу маалыматты аптанын башында берген.

Количество просмотров: 17