Бүгүн, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш ишинде сот өкүмү чыкты.
Сот чечимине ылайык Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурбек Тургунбек уулу Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен күнөөлүү деп табылып 4 жылга эркинен ажыратылып, мал-мүлкү конфискацияланды.
Ошону менен катар эле сот айыпталуучуларга үч жылдан пробация берди.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашевдер сот залынан бошотулду.
Ишти судья Азирет Медеров карады.
Эске салсак, 29-июндагы соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү суранган.
Бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдор камакка алынган.