• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкекте түнкү автобус каттамдары ишке кирет

3 Теке 202612:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 23:00дөн тартып Бишкек шаарында пилоттук режимде муниципалдык түнкү автобус каттамдары ишке кирет.

Мэриядан билдиришкендей, биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 автобустары каттамга чыгат. Ар бир каттамда үчтөн автобус каттайт.

Алар бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:

  • Накталай эмес төлөмдө (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу): 70 сом;
  • Накталай төлөмдө: 90 сом.
Количество просмотров: 7