28-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Таласта түнкүсүн 0…5 , күндүз 15…20;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…2 градус болот.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 19…21 градус болот.