• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы бир аял сабалды. Өзгөн райондук милициясы чара көрбөй жатат деген маалымат четке кагылды

12 Кулжа 202515:15 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда сабалып, башы канжалап, жүзү көгала болгон аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулары бул окуя Өзгөндө болгонун, аялды сабаган күйөөсүнө милиция чара көрбөй жатканын жазышкан.

Бул маалымат тууралуу Ош облустук милициясы бүгүн комментарий берип, жабырлануучу 29-майда Өзгөн райондук милициясына кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн. Маалыматта бул иш боюнча кылмыш иши козголгонун айтылууда, бирок качан кылмыш иши ачылганы белгисиз.

Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын негизинде жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошол эле күнү коргоо ордери берилген.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучу жеңил жараат алганы аныкталган. Аялдын күйөөсү А.Ш. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен шектүүгө юридикалык баа берилет.

“Социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын милиция кызматкерлери жабырлануучунун арызы боюнча ишти карабай жатат деген маалыматтары чындыкка дал келбейт”, — деп жазылган маалыматта.

Количество просмотров: 471