• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

11 Бугу 202521:54 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу бүгүн, 11-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жана 12-майда Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

«Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 номерине чалып билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп белгилешти ӨКМден.

Количество просмотров: 211