28-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо жамгыр, бийик тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 8…10, күндүз 22…24 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.