• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

28-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

27 Аяк оона 2022 14:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…+9, күндүз +15…+20,

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +20…+22 градус болот.

Количество просмотров: 120