• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бразилияда учак кулап, 60тан ашык адам каза болду

10 Баш оона 202413:07 Бишкек Govori.TV

Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы Виньедо шаарында жүргүнчү ташыган учак кулады. Учакта 62 адам болгонун, алардын баары каза болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

«ATR 72» турбовинттик учагы «Voepass Linhas Aéreas» компаниясына таандык болгон жана 2283 ички рейси менен Каскавелден (Парана штаты) Гуарульюс аэропортуна (Сан-Паулу штаты) учуп бараткан.

Учактын ичинде 58 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Бразилияда 3 күндүк
аза күтүү жарыяланды.

Количество просмотров: 1670