• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

29 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

17 Бештин айы 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 17-декабрга карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 16;
  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 7;
  • Ош облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкты, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 303 бейтап, амбулатордук түрдө 348 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 205 киши айыгып чыкса, 2 миң 779 адам каза болду.

Количество просмотров: 66