• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

29 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

27 Бештин айы 2021 9:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 27-декабрга карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарына – 17, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 30 адам илдеттен сакайып чыкты, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 292 бейтап, амбулатордук түрдө 313 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 506 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 619 киши айыгып чыкса, 2 миң 797 адам каза болду.

Количество просмотров: 78