• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

29-декабрда көчөдөн табылган кичинекей кыздын жакындары изделип жатат

3 Үчтүн айы 202019:27 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 2019-жылдын 29-декабрында көчөдөн табылган кичинекей кыздын жакындары изделип жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыз болжол менен эки жашта. Турпаты славян тектүүлөргө окшойт. Ал Навои көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрү кесилишкен жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан түн жарымда табылган.

Жергиликтүүлөр «Тез жардамга» кабарлап, андан соң милицияга маалымат беришкен. Учурда реаблитациялык борбордо адистердин көзөмөлүндө. Саламаттыгы жакшы.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция кыздын жакындарын издей баштады.

Количество просмотров: 897