Ош шаарындагы Алымбек датка көчөсү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу аталган көчөнүн А. Навои көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки бөлүгү 12-июнга караган түнү жабылат.
Бул аралыктагы унаа агымын жөнгө салуу максатында Курманжан датка көчөсү убактылуу эки багытта, эки тилкелүү кыймыл үчүн пайдаланылат.