• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

№29-гимназиясы 550 орундуу болгонуна карабастан 3500 окуучуну батырууда

6 Аяк оона 2022 14:51 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактын Жылдыз Бекбаева аттуу колдонуучусу Бишкектеги №29 гимназияда тартылган видео менен бөлүшүп, мектеп кургулачы деген билдирүү калтырган.

«Балдарыбызга убал эле болду. Мектеп салгылачы айланайындар, мектеп! Балдар мектептерге батпай калды. Класстарда 45-50дөн окуучу, партада шпрот болуп тыгылып төрттөн отурушат. Балдар кысылып отуруп кантип жазат, кантип окушат?» — деп суроо салды колдонуучу.


Бүгүн Govori.TV нын жамааты маселе менен жеринен таанышып келди. Аталган мектепте чындыгында эле класстардын жетишпегени анык. Анткени 550 окуучуга ылайыкталган билим уясынан учурда 3500 окуучу билим алууда.


Бактияр Кадыров №29 гимназия мектебинин директору
Махабат Тердикбаева №29 гимназия мектебинин директорунун орун басары
Мектептин жетекчилиги мындай маселе бир эле 29-гимназияда эмес, борбордогу бардык мектептерде бар экенине токтолду.


Буга себеп, ички миграция өсүүсү дагы себеп болууда. Ошондой эле учурда Орусиядан мекенине кайтып келген жарандардын балдары дагы бул жылы басымдуулук кылууда.

Мындай көйгөй Бишкектеги башка мектептерде дагы бар. Алсак, Ак-Бата конушундагы №43 толук эмес орто билим берүү мектебинде 14жылдан бери эле мындай маселе чечилбей келет.

Ал эми №10 орто мектебинде болсо ар бир класста 40тан ашуун окуучу окуйт.

Мындай маселени чечүүгө мэрия тарабынан аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында айрыкча борбордо мектеп жетишсиздиги маселеси болбошу керек.

А бирок качан жана кандай жол менен чечилээри азырынча белгисиз. Мындай көрүнүштөн улам өлкөдө сапаттуу билим берүү тууралуу кеп кылуу азырынча эрте болуп тургансыйт…

Количество просмотров: 83