• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

29-июлда күтүлгөн аба ырайы

28 Теке 2022 15:18 Бишкек Govori.TV

29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен жана Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош жана Талас облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында, Талас облусунун өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында ала булут каптап турат, жаан-чачын дээрлик жаабайт, кечке маал өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 33…35 градус болот.

Количество просмотров: 525