• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

29-мартта күтүлгөн аба ырайы

28 Жалган куран 202214:56 Бишкек Govori.TV

29-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда кар жаайт, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Бийик тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 13…15 градус болот.

Количество просмотров: 211