• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

29 жаштагы аял 2 баласы менен сууга боюн таштады

18 Бугу 201915:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.05.2019.Govori.TV.

Тажикстанда Зерафшан суусуна 29 жаштагы аял эки баласы менен боюн таштап каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Окуя 16-май күнү саат 15:00 чамасында катталып, Пенджикент районун тургуну 4 жаштагы жана 3 айлык баласы менен сууга секирген. Маркум келиндин жолдошу Россияда мигрант болуп иштеп жүргөндүктөн, кайын журту менен чогу турган.
Келиндин сууга секириши жолдошу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин болгонун айтышууда.

Ал эми бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп,маркум келин менен 3 айлык ымыркайдын сөөгү табылып, 4 жаштагы кызыныкы изделүүдө.

Белгилей кетсек, бул кабарды угуп,каза болгон келиндин жолдошу кече Орусиядан учуп келген.

Количество просмотров: 14