• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Жөө өтмөктөн аялды баласы менен сүзүп кете жаздаган айдоочу жумуштан бошотулду

28 Теке 202616:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жөө өтмөктөн балдар арабасы менен өтүп бараткан аялды сүзүп кете жаздаган №36 каттамдын айдоочусу жумуштан бошотулду.

Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарга тараган видеого байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, окуянын жагдайлары видеокөзөмөл аркылуу текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу жөө өтмөктөн өтүп жаткан жөө жүргүнчүгө жол бербей, Жол кыймылынын эрежесин бузганы аныкталды.

Топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүлүп, айдоочу каттамдан четтетилди. Ошондой эле тартип комиссиясынын чечими менен айдоочу ээлеген кызматынан бошотулду

Количество просмотров: 21