• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

3 айда Ысык-Көлдөн 6 миң метрден ашык тор чыгарылды

27 Жалган куран 202614:50 Бишкек Govori.TV

Үстубүздөгү жылдын алгачкы үч айынын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл көлүнөн 6 миң метрден ашуун эски кытай синтетикалык торлор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул торлор балык ресурстарына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экологиясына коркунуч жаратууда.

Белгилей кетсек, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 135