• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

3-декабрда күтүлгөн аба ырайы

2 Үчтүн айы 202520:07 Бишкек Govori.TV

3-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 0…2° болот.

Количество просмотров: 376