Эртең, 3-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градус болот.