“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында республика боюнча быйылкы жылы 3 млрд. 649,90 млн. сомдук жеңилдетилген насыя берилди.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жеңилдетилген насыя жалпы 9246 фермер — дыйкандарга таратылган. Анын ичинен мал чарбачылыгы үчүн 7986 фермер 3 241,93 млн. сом, өсүмдүк өстүрүү тармагына 1260 дыйкан “407,97 млн. сом насыя алган.
Айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган жеңилдетилген насыя берүүнү ишке ашырууга “Айыл Банк” менен “Элдик Банкы” катышып, насыянын жалпы көлөмү 5,0 млрд. сомду түздү.