Эртең, 3-ноябрда күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон желдин багыты 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0…+5, күндүз +14…+19;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11.
Бишкекте түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу.